Тарых музейдин кызматкерлери мурдагы директордун кайра кызматка келишине каршы чыгышты
RU

Тарых музейдин кызматкерлери мурдагы директордун кайра кызматка келишине каршы чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соттун чечими менен Улуттук тарых музейине кайрадан директор болгон Кеңешбек Алмакүчүковдү эмгек жаамат кабыл албай жатат. Кызматкерлер директордун ордун убактылуу аткарган Жылдыз Бакашованы колдошууда.

Каршы болгондор Алмакүчүков "интригаларды токуп, кызматкерлерди иштен алат" дешүүдө.

"Ал кызматкерлерди жумуштан кетирип, алардын артынан түшкөн. Аны менен иштешүү мүмкүн эмес. Биз Маданият министрлигине жана сотко кайрылабыз. Ал экономист, директорлук орун атайын ал үчүн түзүлгөндөй. Анын дайындаган кызматкерлери эсеп бөлүмүндө, кадр бөлүмүндө иштейт", - дешет кызматкерлер.

Алмакүчүков каршылык билдиргендерге жумуш орундарына кайтуусун, болбосо иштен аларын айтты. Ал соттун чечими менен кайра кызмат ордуна келгенин, мындан улам анын айткандарына баш ийүү керектигин белгиледи.

Директордун сөзүн Маданият министрлигинин өкүлү кубаттады. Ал эми Жылдыз Бакашова документтерди өткөрүп бергенден кийин эмгек жаамат менен коштошту.

Улуттук тарых музейинде 100дөн ашуун киши эмгектенет.

Белгилей кетсек, 2016-жылы тарых музейинде оңдоп-түзөө иштери башталган. 2018-жылы май айында оңдоо иштеринин, колдонулган жабдыктардын баалары бир нече эсе жогорулатылганы аныкталып, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын июль айында кылмыш ишинин фигуранттарынын бири мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду сот 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал эми Кеңешбек Аламкүчүков кылмыш процесттеринин жүрүшүнө байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилген. Сот аны актаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9237