Стамбулдагы жардырууну жасоого шектүү суракта экени кабарланды
RU

Стамбулдагы жардырууну жасоого шектүү суракта экени кабарланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Стамбул шаарында орун алган жардыруунун кесепетинен 81 адам жабыркап, 40тан ашууну ооруканада экени маалымдалды. Алардын арасында кыргыз жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлигинен кабарлашат.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, теракт жасоого шектелген жаран кармалып, сурак берүүдө. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу тергөө теракттын изи Сирияга алып барарын айтканы кабарланат.

Жардыруу 13-ноябрда Стамбулдун Истиклял көчөсүндө болгон. Түрк бийлиги тараткан маалымат боюнча, 6 адам каза болуп, 50дөн ашык киши болгон. Түркиянын укук коргоо органдары каза болгондордун жана жабыркагандардын саны өсүп жатканын билдиришет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9257