Бишкек ШИИББдин маалымат кызматын Айбарчын Батырбекова жетектей турган болду
RU

Бишкек ШИИББдин маалымат кызматын Айбарчын Батырбекова жетектей турган болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп Айбарчын Батырбекова дайындалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Айбарчын Батырбекова милициянын капитаны. Ал алгач тергөөдө иштеп, андан кийин Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынын инспектору болуп келген.

Эске салсак, Бишкек ШИИББдин маалымат кызматын буга чейин Улан Жумаков ээлеп келген. Ал октябрь айынын аягында кызматтан кеткенин расмий билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9260