Эмгек сиңирген артист Болот Тентимишов филармониянын көркөм жетекчиси болду
RU

Эмгек сиңирген артист Болот Тентимишов филармониянын көркөм жетекчиси болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов Кыргыз Улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды.

Белгилүү болгондой, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон. Ага ылайык, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси болуп Болот Тентимишов дайындалды.

Болот Тентимишов Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын актёру. Ал "Ээнсиреген үй", "Аталар керээзи", "Мурастар сыры", "Боз салкын", "Кентавр", "Ажар", "Супер кудалар" жана башка бир катар тасмаларда роль ойноп, театр сахнасында бир нече образдарды жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9267