Кадамжайда тургундар Чечме булагы боюнча бийликтен түшүндүрмө берүүнү талап кылышты
RU

Кадамжайда тургундар Чечме булагы боюнча бийликтен түшүндүрмө берүүнү талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги Кадамжай районунун Чечме айлынын тургундары бийликке кайрылуу жасашты. Алар Чечме булагы боюнча калкка түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Видео социалдык тармактарга тарады.

"Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилди деп айтты. Эгер чечилген болсо Кадамжай районундагы Чечме булагы кандай шартта чечилди? Элге түшүндүрүп, макулдашып кетиңиздер!

Биздин угушубуз боюнча, булактын айланасындагы Кыргызстандын жери Өзбекстанга берилгени жатыптыр, эгер андай болсо 1500 миң калкы бар айыл суусуз калат. Булактын тарыхы боюнча да, архивдик документтер боюнча да Чечме Кыргызстандыкы. Суу мурда кандай акса мындан кийинда ошондой агат. Бизге булакты тосуп бериңиздер", - дешет алар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9298