Президент эртең Жогорку Кеңештин жыйынына катышат
RU

Президент эртең Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына Садыр Жапаров катышарын кабарлады.

"Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет. Мындан тышкары жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө", - дейт ал.

Садыр Жапаровдун катышуусундагы парламенттик жыйын УТРКнын, республикалык жана облустук каналдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9300