Куурчак театрынын директору жубайы менен кырсыкка кабылды. Аларга жардам керек
RU

Куурчак театрынын директору жубайы менен кырсыкка кабылды. Аларга жардам керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын директору Болотбек Куланбаев жубайы менен жол кырсыгына кабылды. Учурда аларга жардам керек болуп жатканын аталган театрдан маалымдашат.

Театрдын маалыматына караганда, Болотбек Куланбаев менен жубайы учурда Бишкектеги №4 оорукананын травматология бөлүмүндө жатат.

"Кийинки аптада хирургдардын эки тобу бир эле учурда Куланбаевдин эки бутуна операция жасашат. Буга байланыштуу тез арада операция жасоого акча каражаты, кан жана реабилитациядан кийинки мезгилге коляска жана башка жардамдар керек болууда. Урматтуу кесиптештер, мекеме жетекчилери, оор мезгилде четте калбайсыздар деп ишенебиз", - дешет куурчак театрынын кызматкерлери.

Жардам берүү үчүн реквизиттер (Куланбаев Кайрат, уулу):

  • Demir - 4215 8901 1735 6441
  • Кыргызстан Банкы - 4177 4901 6868 4936
  • Элкарт - 9417 7191 2339 5314
  • МБанк - 0707290938
  • MegaPay - 0553464633
Ал эми кан тапшыруу үчүн Айтматов кең көчөсү, 60 дарегинде жайгашкан Кан борборуна кайрылууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9301