TikTok социалдык тармагын жабуу сунушталды
RU

TikTok социалдык тармагын жабуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабууну сунуштады.

Ал аталган социалдык тармак баңгизатты, ичкиликти, жарым жылаңач денени, зордук-зомбулукту, кыргыздын менталитетине туура келбеген нерселердин баарын көрсөтүп, терс таасир тийгизип жатканын белгиледи. Депутат муну ким көзөмөлдөп жатканын сурады.

"TikTok"ту жаба албасаңар башка жолдор менен күрөшүү керек", - деди депутат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларды аткарарын айтты. Ал кошумчалагандай, ата-энелер да балдарын социалдык тармактардын терс таасиринен коргоо үчүн көзөмөлгө алышы керек.

Кыдыкбаев балдарды улууларды урматтоого, кичүүлөрдү коргоого үйрөткөн жарнамаларды, айрым азыктардын зыяндуулугу тууралуу видео роликтерди чыгарууну сунуштады.

Министрдин орун басары социалдык роликтер бар экенин, алар телеканалдардан көрсөтүлүп жатканын айтты.

Эске салсак, буга чейин TikTok"ту жабуу демилгесин депутат Надира Нарматова көтөрүп чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9302