Равшан Жээнбеков Кемпир-Абадды кантип кайтарса болорун айтты
RU

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абадды кантип кайтарса болорун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин өкүлү Равшан Жээнбеков сот залынан Өзбекстан менен болгон келишимди ратификациялоо боюнча пикирин билдирди.

"Тилекке каршы, бийлик Кемпир-Абадды берип тынышты. Бирок, биздин дагы да болсо бир жолубуз бар. Биз келечекте эл аралык сотко кайрылабыз. Эгерде биздин бийлик авторитардуу жана коррупциялашкан болсо, анда бизде эл аралык келишимди жокко чыгарганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Кечээ парламентте ратификациялоо үчүн коррупциялык, авторитардык ыкма колдонулганын байкадым. Депутаттарга бийлик тарабынан басым болду. Ошондуктан Кемпир-Абадды эл аралык сот аркылуу кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн карашыбыз керек."

Кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Өзбекстан менен болгон чек ара маселелери боюнча эки документти: Өзбекстан менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча келишимди ратификациялады.

Келишимге 83 депутаттын 19у гана каршы чыкты. Документ тездетилген тартипте кабыл алынды. Адахан Мадумаров добуш берүү алдында күч органдары депутаттарга басым жасаганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9324