Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Мирзиеёвди Кыргызстанга чакырды
RU

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Мирзиеёвди Кыргызстанга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстан бир тууган Өзбекстан менен жогорку деңгээлдеги мамилелерге ар дайым өзгөчө маани берет жана түзүлгөн тыгыз кызматташтыкты чыңдоого, тереңдетүүгө даяр", - деп, Садыр Жапаров баса белгиледи кечээ, 11-мартта, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө.

Садыр Жапаров коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштүн туу чокусунда жана өткөн жылдагы саясий кайра курумдар учурунда Кыргызстан бир тууган Өзбекстандын колдоосун толук сезгенин эске салды.

Буга байланыштуу азык-түлүк, медициналык шаймандар, ооруканаларды куруу түрүндө көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн Шавкат Мирзиёевге жана Өзбекстан элине ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты жана бир катар чечимдер кабыл алынды.

"Биз эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, интеграциялык жана эл аралык уюмдардагы өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Ошондой эле Шавкат Миромоновичти каалаган ыңгайлуу убагында Кыргызстанга жооп сапары менен келип кетүүгө чакырдым", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы кыргыз-өзбек өз ара байланыштарынын бардык маселелер комплексин мындан ары активдештирүү максатында эки тараптуу кызматташтык боюнча Парламенттер аралык жана Өкмөттөр аралык комиссиялардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын акимдеринин кеңешинин кезектеги жыйындарын жакын арада өткөрүү пландаштырылып жатканын баса белгиледи.

"Өзбекстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана биздин өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгында маанилүү орунду ээлейт. Ошондой эле биз бизнес өкүлдөрү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү жолу менен өз ара сооданы көбөйтүүгө макулдаштык. Кыргыз тарап соода жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди. Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосундагы бизнес форумдун жүрүшүндө соода жаатында кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында келишимдер түзүлгөнүн белгилей кетүү керек", - деп айтты Президент.

Садыр Жапаров коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынып салынгандыктан, жакынкы мезгилде өз ара Маданият жана искусство күндөрүн өткөрүүнү жаңыртуу боюнча макулдашуу тууралуу айтты. Мындан тышкары, регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, ар тартаптуу кызматташуу форматында биргелешкен иш-аракеттер белгиленди.

"Жалпысынан, мен кыргыз тараптын Өзбекстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн ыраттуу мүнөзүн белгилегендигин айта кетейин. Ошону менен катар эле биздин астыбызда жасай турган көп иштер турат. Ага бизде каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар. Бир тууган Өзбекстан менен бардык багыттар боюнча натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даярбыз", - деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/932