Ооруканалардын кире беришине акысыз кызматтардын, дарылардын тизмеси илинет
RU

Ооруканалардын кире беришине акысыз кызматтардын, дарылардын тизмеси илинет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ар бир оорукананын кире беришинде акысыз көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси илинип турушу керектигин айтты.

Ал саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатыровага ооруканалардагы кайсы кызматтар, дары-дармектер акысыз экени сайтта да көрсөтүлүшү керектигин тапшырды.

"Наркоз, операция жана башка өкмөттүн эсебинен, мындан тышкары нерсени өзүңөр сатып келесиңер деп көрсөтүлүшү керек. Болбосо биз бөлгөн 37 миллиард сом кайда кеткени билинбей калып жатат", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9335