"Казакстан сулуусу" деп табылган Томирис Какимова тууралуу маалымат
RU

"Казакстан сулуусу" деп табылган Томирис Какимова тууралуу маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Казакстан сулуусу - 2022" сынагында астаналык 24 жаштагы Томирис Какимова жеңүүчү болду.

Казакстан сулуусу 5 миллион теңге жана университетте окуу үчүн грант алды. Ал алдыда өлкө атынан "Дүйнө сулуусу" эл аралык сынагына катышат.

Финалга жалы 23 кыз катышып, анын ичинен 12си калыстар тарабынан тандалган. Финалдын акыркы баскычында беш катышуучу ат салышты.

Томирис Какимова тууралуу:

  • Эки жогорку билимдин ээси: эл аралык укук жана юриспруденция адистиктери боюнча.
  • Евразия улуттук универстетинде окуп жүргөндө сулуулар сынагына катышып, вице-мисс наамын алган. Кийин моделдик карьерага кадам таштаган.
  • Бала кезинен бийлеп, улуттук бий боюнча Гран-принин ээси болгон. Ар кандай сынактарга да катышып жүрөт.
  • Спорт жана йога менен машыгат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9337