Ысык-Көлдө 20 миллион долларга эл аралык спорт комплекси курулат
RU

Ысык-Көлдө 20 миллион долларга эл аралык спорт комплекси курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылына наркы 20 миллион долларды түзгөн эл аралык спорт комплекси курулат. Министрлер кабинетинен кабарлагандай, комплексти куруу үчүн "Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ишканасы 72,2 гектар жер тилкесин берүү чечими кабыл алынды.

Маалыматта көрсөтүлгөн жер тилкеси ондогон жылдар бою эффективдүү пайдаланылбай, кароосуз калган абалда жана тез арада жакшыртууну, өнүктүрүүнү талап кыла тургандыгы айтылат.

"Тосор айылында эл аралык спорт комплексин куруу долбоорунда жыл бою иштей турган көп функционалдуу спорт комплексин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү каралган, анда улуттук спорт командаларынын өкүлдөрү жана башка спортчулар спорттун 30дан ашык түрү боюнча жыл бою машыгууга, ошондой эле реабилитациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Комплекстин курулушу жана тиешелүү инфраструктураны түзүү 2023-жылдын жаз айларында башталышы ыктымал. Иш Туризмди өнүктүрүү фондунун уставдык капиталынын жана тартылган финансылык каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9342