Ташиев УКМКнын дагы бир жаңы имаратын ачты
RU

Ташиев УКМКнын дагы бир жаңы имаратын ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Талас облусундагы башкы башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Аталган комитеттен кабарлашкандай, имараттын расмий ачылышы бүгүн,21-ноябрда болду.

Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган

Ачылыш аземге катышкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык облус, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.

Имараттын ачылышына президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9356