Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу аныкталды
RU

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында 2022-жылдын 5 ай аралыгында 15 мектеп жана 1 бала бакча курган курулуш компанияларынын өкүлдөрү Садыр Жапаров тарабынан сыйланды. Бул тууалуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу жана жалпы билим берүү мекемелерин курууга, ишке киргизүүгө активдүү катышкандыгы үчүн:

  • "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" ардак наамы "Авангард Стиль" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эрнис Минкеевге.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

  • "Авангард Стиль" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун өндүрүш боюнча орун басары Сергей Белов;
  • "Эталон Вин Спец Строй" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бактияр Жаманбаев;
  • "Аргын Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Кубанычбек Жарыкбашев;
  • "Улар-Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Уланбек Калмаматов;
  • "Лидер Хаус" Курулуш компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Адилет Кененбаев;
  • "Компания Рамзан" жоопкерчилиги чектелген коомунун инженер-куруучусу Сапарбек Өмүргазиев;
  • "Ясин Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мирбек Эргешов.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан:

  • "Лидер Хаус" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары Нургазы Асанбаевге;
  • "Авангард Стиль" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун логистика боюнча орун басары Марат Матеновго алкыш жарыяланды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9359