Украинада согушка катышкан кыргыз жигитине карата тергөө башталды
RU

Украинада согушка катышкан кыргыз жигитине карата тергөө башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинада түрк элдеринин "Туран" батальону түзүлгөнү тууралуу маалымат украиналык маалымат каражаттарына тарады. Андагы маалыматта Украина тарапты колдогон батальонду кыргызстандык Алмаз Кудабек уулу жетектей турганы айтылат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "бул жарандын билдирүүсү Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келет" деп билдирет. Аталган комитеттен кабарлашкандай, Кыргызстан Россия менен Украинанын ортосундагы окуяларда бейтараптуулукту карманат.

"Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда УКМКнын кызматкерлери Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныктап, анын ээси кыргызстандык К.у. А. экенин тастыктаган. Ыкчам маалымат боюнча, ал 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары Украинага кеткен".

Учурда бул факты боюнча 256-беренеси "Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү" боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгерде кыргыз жараны чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышса (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жалданмачылыктын белгилери жок болгон учурда) же согуштук аракеттерге катышууга багытталган террористтик же экстремисттик кылмыш жасоо аракеттерди жасаса 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми ошол эле жосундар алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу жана уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда 8-12 жылга чейинки эркинен ажыратылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9371