Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору менен жолугушуу өткөрдү
RU

Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору менен жолугушуу өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды. Тараптар коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашты дешет президенттин администрациясынан.

"Эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт. Бул тиешелүү тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана эң негизгиси аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо биргелешкен аракеттерди жана умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт", - деп белгиледи президент.

Сергей Нарышкин өз кезегинде Жапаровго Владимир Путиндин саламын жана жылуу каалоолорун жеткирди.

Эки өлкө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеген РФнын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Борбор Азия чөлкөмүндө жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9372