Өлкөдө 120 миңден ашуун кыз папиллома вирусуна каршы эмделишти
RU

Өлкөдө 120 миңден ашуун кыз папиллома вирусуна каршы эмделишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 14-ноябрда секелек кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө старт алган. Бүгүн, 23-ноябрга карата республика боюнча 120 миңден ашык кыз эмдөөдөн өткөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалыматына караганда, бул сан максаттуу топтун 50 пайызын түзөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 11-14 жаштагы кыздарды эмдөө башталган. Папилломага каршы эмдөө жатын моюнчасынын рагына кабылуунун жана өлүмдүн алдын алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9387