УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов суракка чакыртылды. Видео
RU

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов суракка чакыртылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов суракка чакыртылды. Ал социалдык тармактагы баракчасына УКМКга суракка чакыруу болгонун жазып калтырды.

"Үйгө келсем УКМКнын И.И. аттуу кызматкери конторага саат 21:00дө "баарлашууга" чакырды. Майыпты жашыруун жетекчиликке чакырышты", - деген ал.

Белгилей кетсек, Мурат Суталинов 2006-жылдан тартып 2010-жылдын 7-апрелине чейин коопсуздук кызматынын (УКМК) төрагасы болгон. Убактылуу өкмөт аны отставкага кетирген. Кийинчерээк Суталинов сот жообуна тартылып, 2019-жылы ден соолугуна байланыштуу абактан чыгарылган.

Тагыраагы, 2012-жылы жазында Суталинов онкологиялык илдет менен жабыркап жатканы аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9389