Улукбек Марипов жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат
RU

Улукбек Марипов жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары ал Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир нече социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/939