Баткендиктерге АКШ тарабынан берилген гумжардам жакынкы күндөрү таратылат
RU

Баткендиктерге АКШ тарабынан берилген гумжардам жакынкы күндөрү таратылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-ноябрда АКШдан өлкөгө гуманитардык жардам жеткирилди. Жардамдар Баткенде жабыркаган тургундарга бөлүштүрүлүп берилет дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

АКШнын Коргоо министрлиги:

  • керебеттер;
  • матрацтар;
  • шейшептер;
  • кышкы кийимдерди жеткиришти.

Жакынкы күндөрү ӨКМ жабыркагандарга гумжардамды бөлүштүрөт.

Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги тарабынан берилген 8 миллион сомго жана гигиеналык комплекттерине кошумча болуп саналат. Алар Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратыларын кошумчалашты ӨКМдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9401