Астанадагы Эгемендик сарайында Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өттү
RU

Астанадагы Эгемендик сарайында Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоодо жеңип чыккан Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчылыгына келди. Инаугурациясы бүгүн, 26-ноябрда Астанадагы Эгемендик сарайында өттү.

Токаев өлкө элине кызмат кылууга, Казакстандын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин кепилдикке алууга, мамлекет башчысынын милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга ант берди.

"Казактарда "аманат" деген түшүнүк бар. Элдин аманаты - мага аманат. Аны аткаруу - менин ыйык милдетим", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9418