Садыр Жапаров Өзбекстанга дары-дармек жана медтехниканы биргеликте өндүрүүнү сунуштады
RU

Садыр Жапаров Өзбекстанга дары-дармек жана медтехниканы биргеликте өндүрүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр үчүн бардык аянтчаларды ырааттуу колдонууну сунуштоо менен эки өлкөнүн өкмөттөрү жетишкен келишимдер боюнча жигердүү иш-аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгын айтып, дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан, өз ара соода жүгүртүүдө оң динамика сакталып тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы аянтча болуп кала турган жана чек ара соодасын өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосунда түз байланышты жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешин түзүлүшүнө оң пикирин айтты. Кеңештин биринчи жыйыны Ташкент шаарында кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында өткөн.

Мындан сырткары, Президент Өнөр жай кооперациясы жаатында кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планынын алкагындагы долбоорлорду, анын ичинде биргелешкен айыл чарба ишканаларын түзүү долбоорлорун чогуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өзбекстандагы фармацевтика тармагынын жигердүү өнүгүшү тууралуу оң пикирин билдирген Садыр Жапаров Кыргызстанда дары-дармектерди, медициналык шаймандарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылды.

Президент Садыр Жапаров эки жана көп тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүдө зарыл болгон өлкөлөр ортосунда толук өз ара түшүнүшүү бар экендигине бекем ишенерин билдирди.

Өзбекстан Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстан менен стратегиялык кызматташтыкка негизделген ынак коңшулук мамилелерге токтолду.

Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы түрткү берген, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды бекемдеген маанилүү жана үзүрлүү жолугушууларын билдирди.

Абдулла Арипов мамлекет башчыларынын тарыхый жолугушуусунда, Кыргызстан Өкмөтү менен тыгыз кызматташууда жетишилген бардык келишимдерди турмушка ашырууга толук даяр экенин айтып, өзбек тараптын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйындарын өткөрүүгө Кыргызстанга каалаган ыңгайлуу учурда бара аларын кошумчалады.

Сөзүнүн соңунда Өзбекстан Премьер-министри Абдулла Арипов эки элдин кылымдардан бери келаткан тарыхый жана маданий жалпылыктары эки өлкө мамилелерин жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болуп жатканын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/941