"Мөлмөлүмгө" экинчи өмүр берген ырчы Малик Аликеев концерт өткөрөт
RU

"Мөлмөлүмгө" экинчи өмүр берген ырчы Малик Аликеев концерт өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мөлмөлүмгө" экинчи өмүр берген ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев жеке концертин берет. "Өмүр жөнүндө ой толгоо" аттуу чыгармачылык концерти 4-декабрда Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Белгилүү болгондой, концертке Эл акыны Амантай Кутманалиев, Эл артисти Роза Аманова, манасчы Замир Баялиев жана төкмө акын Асылбек Маратов катышат.

Белгилей кетсек, Малик Аликеев филармониядан кеткенден кийин чыгармачылыктан алыстап калган. Кийин ал жамбаш сөөгүн кокустатып алып, төшөктө жатып калган. 2020-жылы эки жолу операция жасалган. Бул сыноодон кийин ырчыга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

2021-жылы "Мөлмөлүм" аттуу чыгармачылык концертин Бишкекте жана Таласта өткөргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9422