Борбордук Азия университетинде бакалавриат программаларына кабыл алуу башталды
RU

Борбордук Азия университетинде бакалавриат программаларына кабыл алуу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Учурда бир балам Борбордук Азия университетинин (БАУ) Нарын шаарындагы кампусунун коммуникация жана медиа факультетинде билим алат. Башка уулум дагы ушул жолду тандаса экен деп, бүгүн бул жерге келип отурам" - дейт Динара Ниязалиева. Анын уулу Айбек Ниязалиев Нарын шаарындагы БАУнун жогорку курсунун студенти.

26-ноябрда Динара башка ата-энелерге жана өлкөнүн булуң-бурчунан чогулган 150гө жакын окуучуга кошулуп БАУнун Нарын шаарындагы кампусуна келген. Алардын максаты искусство жана илимдер мектебине кабыл алуу программалары жана бакалавриат программасы менен таанышуу эле. 2023-2024-окуу жылы учун кабыл алуу башталды: www.ucentralasia.org/applytouca/.

Коноктор кампуска түшкө жакын келишти. Ачык эшиктер күнү Нарында жана Хорогдо жайгашкан эки кампуста окутула турган бакалавриаттын төрт программасын таанытуу бет ачары менен башталды:

1. BA – коммуникация жана медиа (Нарын, Кыргызстан);

2. BSc – компьютер илимдери (Нарын, Кыргызстан);

3. BA – дүйнөлүк экономика (Хорог, Тажикстан);

4. BSc – жер жана айлана-чөйрө тууралуу илим (Хорог, Тажикстан).

Презентациялардан кийин окуучуларга жана ата-энелерге окуу жайды көрсөтүп, окутуучулар, студенттердин кеңешчилери, кампустун катчысы жана учурдагы студенттер менен тааныштырышты.

"Айланасы тоолор жана дарыялар менен курчалган кампустан тышкары, БАУда чет өлкөдөн келген окутуучулар жана заманбап имарат бар экен. Албетте, мен бул жакка тапшыргым келет", - дейт Нарын облусунун Баетов айылындагы Э.Карасартова мектебинин окуучусу Амина.

БАУда билим берүүнүн көп бөлүгү субсидия тарабынан каржыланарын билчү белеңиз? Бул деген, айтылуу окуу жайдан сапаттуу билим алгысы келгендерге каржылык чектөөлөр тоскоол болбойт дегенди билдирет. Каржылык жардам программаларынын аркасы менен университет абитуриенттерди жетишкендиктери боюнча гана баалап кабыл алат. Төлөө жөндөмдүүлүгү тандоо критерийи катары каралбайт.

Кече Kahoot интерактивдүү оюнун ойноо жана Ачык эшиктер күнүнө карата Instagram"га пост жарыялоо сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу менен аяктады.

Бакалавриат программаларына кабыл алуу үчүн арыздар 2023-жылдын 15-мартына чейин уланат. Университетке кабыл алуу боюнча башка суроолорго төмөнкү шилтемеден жооп ала аласыз: www.ucentralasia.org/admissions-FAQs.

Маалымат

Борбордук Азия Университети 2000-жылы Тажикстан, Кыргызстан, Казакстандын президенттери жана Улуу Даражалуу Ага Хан кол койгон эл аралык келишимдин негизинде жеке, коммерциялык эмес, светтик университет катары негизделген. Келишим парламенттер тарабынан ратификацияланган жана БУУда катталган. Университет тоолуу коомчулуктарды өнүктүрүүгө багытталган уникалдуу жогорку окуу жай болуп саналат. Анын Нарын (Кыргызстан) жана Хорог (Тажикстан) шаарларында жайгашкан искусство жана илим мектептеринин окуу имараттары архитектор, эл аралык сыйлыктардын лауреаты Арата Исозаки тарабынан долбоорлонгон. Учурда Казакстандагы Текелиде жайгаша турчу кампустун курулушу пландалып жатат. БАУнун Жогорку Өнүктүрүү мектебинде беш илимий институт бар жана 2006-жылдан бери 180 000ден ашуун угуучулар Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебин бүтүргөн.

Коммуникация жана медиа факультетинин окутуучусу Нурсултан Станалиев окуу жай жана университеттин эл аралык өнөктөштөрү тууралуу айтып берип жаткан учуру.

Ачык эшиктер күнүнүн коноктору БАУнун бакалавриат программалары, окуу жай жана кампустун башка сүйүктүү жерлери тууралуу суроолорго жооп берип, Kahoot оюнун онлайн ойноп жатышат.

Окуучу сынакта жеңип алган жемпирине сүйүнүп жатат

Биринчи курстун студенти Аяна Супуева БАУнун биргеликте окутуу программасынан өткөн стажировкасы тууралуу айтып берүүдө.

БАУнун Нарын кампусундагы илимий лаборатория.

БАУнун доценти Зохирбек Асаншоев угуучуларды Даярдык билим берүү программасы менен тааныштырууда. Программанын алкагында анын катышуучулары англис тилин, математиканы жана башка илимдерди үйрөнүп, университеттин төрт жылдык бакалавриат программаларына кабыл алууга даярданышат.

БАУнун Нарын шаарындагы кампусунда жайгашкан телестудия.

БАУнун Нарын шаарындагы кампусунда жайгашкан телестудия.

Нарын кампусундагы медиалаборатория.

БАУнун Нарын шаарындагы кампусунда жайгашкан үн жаздыруучу студия.

Нарын шаарындагы кампуста жайгашкан түстөрдү коррекциялоо жана монтаждоо студиясы.

Китепкана, БАУ Нарын кампусу.

БАУнун Нарын кампусундагы илимий лаборатория.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9423