Үч жашар баланы сабап өлтүргөн аялга сот өкүм чыгарды
RU

Үч жашар баланы сабап өлтүргөн аялга сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө үч жашар баланы сабап өлтүргөн аял 8 жылга соттолду. Чечим Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Райондук сот аны сегиз жылга эркинен ажыратып, бирок аны төрт жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырган. Бирок облустук соттун коллегиясы пробацияны жокко чыгарып, өкүмдү өзгөрткөн. Жогорку сот облустук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, аялды сегиз жылга эркинен ажыратты.

Эске салсак, 2021-жылдын май айында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда үч жашар бала сабалып каза болгон.

Күбөлөрдү сурамжылоодо баланы ооруканага алып келген 33 жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы үч жашар баласын таштап, өзү Россияга иштегени кеткени белгилүү болгон. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-май күнү болжол менен саат 12.00дөр чамасында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көгала тактар бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болду деп көрсөтмө берген.

Бул иш "Ден соолукка оор зыян келтирүүдөн улам этиятсыздыктан киши өлтүрүү" беренеси боюнча тергелди.

Соттук отурумда бала шымына сийип койгону үчүн ур-токмокко алынганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9431