Сокулук районунда тоодон аңчы жоголду
RU

Сокулук районунда тоодон аңчы жоголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунун Төш-Булак айылына жакын тоодо 50 жаштагы З.Д. дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жакын адамдары билдиришти.

Маалым болгондой, ал адам аңчылык менен алектенет. Ал башка аңчы менен тоого кеткен, бирок экинчиси кечки тамактан кийин кайтып келип, З.Д тоодо калган. Ошондон бери табыла элек.

Туугандарынын айтымында ӨКМдин кызматкерлери активдүү иш-аракет жүргүзбөй жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз кезегинде дайынсыз жоголгон адамды издеп жатышканын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9433