Ош шаарына жаңы мэр дайындалды
RU

Ош шаарына жаңы мэр дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Буга чейин президент Алмаз Мамбетовду Ош шаарынын мэри кызматынан бошоткон.

Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2021-жылдын ноябрында "бийликти күч менен басып алууга" даярданган деп шектелген 15 адамдын арасында кармалып, бирок кийинчерээк камактан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9436