"Соцфонддон каттоодон өтпөгөндөргө пенсия төлөнбөйт" деген билдирүү фейк
RU

"Соцфонддон каттоодон өтпөгөндөргө пенсия төлөнбөйт" деген билдирүү фейк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде "пенсионерлер Социалдык фонддон каттоодон өтпөсө декабрь айынан баштап акча которулбайт" деген билдирүү тарап жатат. Мындай билдирүү жалган экенин Социалдык фонддон билдиришти.

Аталган кызматтан түшүндүрүшкөндөй, айрым пенсионерлердин акчасы банктык картага которулат. Бул үчүн пенсионерлер коммерциялык банктардын бири менен келишим түзүшөт.

"Келишимге ылайык, пенсионерлер жарым жыл сайын Социалдык фондго кайсы банк аркылуу акчасын аларын билдирип турушу керек. Ар кандай кырдаал болуп кетиши мүмкүн. Балким башка жакка жер которуп кетет. Айрым учурда пенсия алган жаран каза болуп, ошол эле учурда жакындары акчаны алып жүрө берген учурлар кездешет. Ушул сыяктуу окуяларды алдын алуу максатында банк пенсионерлерге Социалдык фондго тастыктама берип туруусун суранат. Бул тууралуу көбү эле билет жана өздөрү эле жасап турушат. Пенсия талаптарга ылайык төлөнүп жатат", - дешет фонддон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9439