"Елизавета" курулуш компаниясы Баткенде каза болгон аскердин үй-бүлөсүнө батир белек кылды
RU

"Елизавета" курулуш компаниясы Баткенде каза болгон аскердин үй-бүлөсүнө батир белек кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Елизавета" курулуш компаниясы Баткен облусунда каза болгон Чек ара кызматынын танк экипажынын мүчөсү Шерали Анаркуловдун үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батирди тапшырды.

Шерали Анаркулов 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек араны коргоп жатып курман болгон. 26-сентябрда анын сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган.

Шерали 31 жашта болчу, артында жубайы жана эки жашар кызы калды.

"Елизавета" компаниясынын башкы директору Нуржан Тынымсеитова биздин жерибиз жана элибиз мамлекетибиздеги эң баалуу нерсе экенин белгилеп: "Шерали Анаркулов – кыргыз элинин чыныгы баатыры жана бул белек анын үй-бүлөсүнө жасай турган аз гана нерсе", - деп айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9440