Сатылат деген БМВ-Х5 унаасы Оштон табылды
RU

Сатылат деген БМВ-Х5 унаасы Оштон табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну алдамчыларга тарттырып алган жол тандабас Ош шаарынан аныкталды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, 10-октябрда шаар тургуну М.С. милицияга кайрылган. Арыздануучу БМВ-Х5 унаасын 2022-жылдын февраль айында белгисиз жарандар 12 миң долларга баалап, кийин акчаны же унааны бербей качып жүрүшкөнүн айткан.

Бул факты боюнча 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы тарабынан "Автоураган" аппараттык программалык комплекстин жардамы менен айыптарды учурунда төлөбөй жүргөн жана жарандардын арыздарынын негизинде издөөгө алынган 92 унаа аныкталып (Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан 19 унаа, Жалал-Абад шаарынан 29 унаа, Ош шаарынан 44 унаа), айып короосуна токтотулду. Аныкталган унаалардын катарында жогорудагы шаар тургунунун жол тандабасы да болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9441