5-декабрда күтүлгөн аба ырайы
RU

5-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-декабрда Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

Тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

5-декабрда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

5-декабрда Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

5-декабрда Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

Айрым жерлерде жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Кээ бир жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

5-декабрда Жалал-Абадда күтүлгөн аба ырайы

Түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

5-декабрда Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

5-декабрда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-декабрда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

Түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

6-7-декабрларда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайынын болжолу

6-7-декабрларда туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9442