Залкар актриса Жамал Сейдакматованын бейитине эстелик тургузулду
RU

Залкар актриса Жамал Сейдакматованын бейитине эстелик тургузулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Эл артисти Жамал Сейдакматованын бейитине эстелик орнотулду. Иш-чара бүгүн, 30-ноябрда болгонун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирет.

Эстелик орнотууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарыЧыңгыз Эсенгул уулу, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев, белгилүү коомдук-маданий ишмерлер жана туугандары катышты.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрда Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин "Кыргыз керемети" аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду аткарып, актриса катары талыкпай эмгек кылган.

Актриса 2021-жылы 82 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышып, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9457