Бишкек ШИИББдин жетекчисинин кызматтык унаасы кырсыкка кабылды (сүрөт)
RU

Бишкек ШИИББдин жетекчисинин кызматтык унаасы кырсыкка кабылды (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаевдин кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылды. Мындай маалыматты Kaktus.media`га күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти.

Ал эми Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы буга чейин Foton унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып тосмону сүзгөнүн маалымдаган. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.

Ишенимдүү булактар белгилегендей, кырсыкка кабылган унаа Бишкек ШИИББдин жетекчиси Азамат Ногойбаевге таандык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9461