Депутаттар Токторбаев менен Атазов күбө катары прокуратурага сурак беришти
RU

Депутаттар Токторбаев менен Атазов күбө катары прокуратурага сурак беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратурада суракта болушту. Башкы прокуратураныны басма кызматынан эл өкүлдөрү күбө катары суракка чакыртылганын билдиришти.

Белгилүү болгондой, депутаттардын парламенттеги прокуратура коррупцияга аралашкан деген билдирүүсү суракка чакыртууга себеп болгон.

Башкы прокуратурадан чыккандан кийин Токторбаев жана Атазов да социалдык тармактагы баракчаларына нааразы болгон пикирин жазып калтырышкан.

Эске салсак, Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9462