Абактан чыкканына эки апта болгон. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды
RU

Абактан чыкканына эки апта болгон. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адам өлтүрүүгө шектелген жаран "Коопсуз шаар" камерасы аркылуу табылды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалым болгондой, борбордогу С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен киши колдуу каза болгон белгисиз жарандын сөөгү табылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ашкана бычагы табылып, соттук-медициналык, биологиялык, дактилоскопиялык жана химиялык экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү маркумдун ким экени аныкталып, жакын туугандары тарабынан таанылган.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Анын алкагында камералардагы ("Коопсуз шаар") жазуулар текшериле баштаган.

9-ноябрда таңга маал Бишкек шаарынын Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун 47 жаштагы тургуну Н.М. кармалган. Шектүү мурда эки жолу соттолуп, түрмөдөн чыкканына эки апта болгон. Алгачкы тергөө иштерини жүрүшүндө маркум менен шектүүнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, аягы бычак саюу менен аяктаганы такталды.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9464