Атамбаевди сотко тез жардам кызматы менен алып келишти
RU

Атамбаевди сотко тез жардам кызматы менен алып келишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-декабрда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди. Ал 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча айыпталууда.

Атамбаевди тез жардам унаасы менен күч кызматкерлеринин коштоосунда алып келишти.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин адвокаттары бул кылмыш иши эскирип, мөөнөтү эки жыл мурун, башкача айтканда, 2020-жылы аяктаган деп эсептешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9470