Садыр Жапаров бул ирет да ойнойт. Бишкекте футболдук турнир өтөт
RU

Садыр Жапаров бул ирет да ойнойт. Бишкекте футболдук турнир өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган "Мурас" достук турнири өтөт. Оюн 14-15-декабрда болорун Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо, түрдүү катмардын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.

Турнирге жалпы 16 команда катышат:

  • Президенттин командасы
  • Маданият өкүлдөрү – "Өнөр"
  • Белгилүү ишкерлер - "Бизнес"
  • Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – "Журналисттер"
  • Футбол ардагерлери – "Алга"
  • Спорт федерацияларынын жетекчилери - "Спорттук федерациялар"
  • Жогорку Кеңештин депутаттары - "Жогорку Кеңеш"
  • Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери - "Аймактар"
  • Дин өкүлдөрү – Ыйман
  • Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – "Элчилер"
  • Ооруканалардын башкы дарыгерлери - "Ден соолук"
  • Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору - "Билим"
  • Сот бийлигинин өкүлдөрү – "Фемида"
  • Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери - "Коопсуздук"
  • Белгилүү спортчулар - "Спорт жылдыздары"
  • Кыргыз Республикасынын эл ассамблеясы, диаспора лидерлери – "Достук"

Турнир жылына эки жолу (кышында жана жазында) өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин 30-августта Садыр Жапаров Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагер футболчуларынын мелдешинде ойногон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9480