Чүйдө сабалган жарандын бир көзү көрбөй калган. Шектүү кармалды
RU

Чүйдө сабалган жарандын бир көзү көрбөй калган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй районунда 29 жаштагы жаран ур-токмокко алынгандан кийин бир көзү көрбөй калган. Бул факты боюнча ден соолукка оор залал келтирүү беренеси менен кылмыш иши козголгонун Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, 29 жаштагы Д.Ж. милицияга кайрылган. Арыз ээси ноябрь айында А.И. аттуу жаран аны эч себепсиз уруп-сабап, анын кесепетинен сол көзү көрбөй калганын жана денесине оор залал келтирилгенин айткан.

Бул факты 130-берене (денеге оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

3-декабрда ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9490