Садыр Жапаров Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар берди
RU

Садыр Жапаров Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боорун алмаштырууга муктаж болуп жаткан актёр Азиз Мурадиллаевге президент Садыр Жапаров 42 миң доллар берди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова билдирүү жасады.

Операцияга жалпы 45 миң доллар керек болчу. Бир күн ичинде атайын ачылган эсепке 3 миң доллардан ашык каражат кайрымдуу жарандардан түшкөн. Калган сумманы президент берди.

"Чагылгандай тез жооп бергениңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бир нече саат мурун Эмгек сиңирген артист Азиз Мурадиллаевге көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылсам, бир сааттан кийин сиздин атыңыздан ооруканага 42 миң доллар жөнөтүлдү.

Жалпыбыз тынчсызданып жаткан таланттуу актёрдун куткарылышына көңүл буруп, кам көрүп жатканыңыз үчүн рахмат", - деди коомдук ишмер.

Белгилесек, 3-декабрда актёр оор абалда ооруканага түшүп, ага кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган. Анын боорун алмаштыруу керек болуп, операцияга 45 миң доллар кажет экени кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9497