Бишкекте түнкү клубда ок чыгарганга шектүү жарандар аныкталды
RU

Бишкекте түнкү клубда ок чыгарганга шектүү жарандар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Промзона" түнкү клубунда ок чыгарганга шектелип эки адам кармалды. Алар бейбаштыкка шектелип кармалганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, буга чейин милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал 4-декабрга караган түнү түнкү клубдан белгисиз адамдар арыз ээсин пикир келишпестиктен улам сабаганын, тапанча колдонгонун айткан.

Кайрылуудан кийин милиция шектүү катары 1985-жылы туулган З. М. жана 1988-жылы туулган М. В. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9499