Сөөгү арыктан табылган. Россиядан чогуу келген шеригин өлтүргөнгө шектүүлөр кармалды
RU

Сөөгү арыктан табылган. Россиядан чогуу келген шеригин өлтүргөнгө шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын жаранын өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жарандар Бишкектен кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлайт.

Белгилүү болгондой, 20-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда арыктан киши колдуу каза болгон жарандын сөөгү табылган.

Бул факты 122-берене (адам өлтүрүү) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон адам 44 жаштагы Д.К. экени аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын июнь айында Д.К. өзүнүн унаасы менен Ж.Т. жана А.М. менен Россиядан Кыргыз Республикасына келген. Андан кийин Россиянын жараны өлтүрүлүп, унаасы уурдалган. Ыкчам кызматкерлер унааны табышкан.

Ал эми 4-декабрда өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө алынып, Бишкек шаарында жашырынып жүргөн 32 жаштагы Ж.Т. жана 24 жаштагы А.М. кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9507