Бишкектин айрым көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилди
RU

Бишкектин айрым көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бүгүн, 8-декабрдан баштап айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет. Чектөө 10-декабрга чейин созуларын Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, бул күндөрү Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Буга байланыштуу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет. Ага ылайык:

  • "Манас" аэропортунан (Фучик көчөсү) Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Чүй кең көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Манас жана Ч. Айтматов кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Д.Садырбаев көчөсү мамлекеттик резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин.

Кайгуул кызматынан киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

"Жогоруда айтылган күндөрү чет өлкөгө же өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды "Манас" аэропортуна алдын ала баруусун суранабыз. Ошондой эле айдоочулардан аталган көчөлөрдө унааларын калтырбоого жана токтотпоого чакырабыз", - дешет басма сөз кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9509