Кечээ Бишкектин бир районунда жылуулук үзгүлтүккө учурады
RU

Кечээ Бишкектин бир районунда жылуулук үзгүлтүккө учурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-декабрда кечинде Бишкектин 12-кичи районунун тургундары жылуулуксуз калды. Ошондой эле ысык суу да өчкөн. "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынан жылуулук түтүгүндө авария болгонун билдиришти.

Аталган ишканадан жылуулук жана ысык суу турак жайларга түндө берилип каларын айтышкан. Ошондой эле Политехникалык университеттин аймагындагы насостук станцияда авария болуп, электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9523