Баткенде 4 адам бара жаткан унаадагы газ баллон жарылып кетти
Баткен облусунун Кадамжай районунда унаадагы газ баллон жарылып, бактыга жараша ичиндегилер аман калды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашат.
Маалыматка ылайык, 6-декабрда саат 10:00 чамасында Риштан-Сох автожолунун 16-чакырымында өзбек жаранынын башкаруусундагы Daewoo Lacetti унаасындагы газ баллон кокусунан жарылган. Унаада Өзбекстандын 4 жараны болгон. Бактыга жараша алар жабыркаган эмес.
Бул факты электрондук журналга катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9525