"Мики Чор" жана "Саяк" аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
RU

"Мики Чор" жана "Саяк" аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында уюшкан кылмыштуу топтун "Мики Чор" жана "Саяк" каймана аттуу мүчөлөрү кармалды. Алар көмүрдү мыйзамсыз алып чыкканга шектелип жатканын УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жогоруда аталган жарандар 1-декабрга караган түнү Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогундагы жумушчуларды күч колдонобуз деп коркутуп, ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.

Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогунда көмүрдүн тоннасын 4000 сомдон арзан баада сатат деп аныктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9547