Өлкөдө чочко тумоосу менен 34 адам ооруп жатат
RU

Өлкөдө чочко тумоосу менен 34 адам ооруп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда сасык тумоонун В түрү жана чочко тумоосу менен жабыркап жаткандар аныкталды. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен бүгүнкү күндө 34 адам ооруп жатканын айтышты.

Маалым болгондой, апта сайын курч респиратордук-вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандар боюнча мониторниг жүргүзүлөт. Ага ылайык, өткөн аптада ооругандардын саны өскөнү байкалды.

Адистер оору суук мезгилде күч аларын белгилешет. Алар белгилегендей, сасык тумоо А, В жана С деген түрлөргө боолүнөт. Анын ичинен А түрү оор формада өтөт.

Сасык тумоонун А түрү (H1N1) буга чейин чочко тумоосу деп аталган жана курч респиратордук инфекциялык оору деп эсептелет. Клиникалык белгилери мезгилдик сасык тумоого окшош. Негизги белгилери:

  • дене тап жогорулайт;
  • мурун бүтөт жана мурундан суу агат;
  • тамак кызарып, бирдеме жутканда ооруйт;
  • кургак жөтөл болот, көкүрөк туштагы оору менен коштолот;
  • дене ооруйт;
  • чарчоо, алсыроо;
  • жүрөк бат-баттан согот (тахикардия);
  • баш ооруйт (көбүнчө чеке бөлүгү ооруйт);
  • көздүн чанактары ооруп, кызарат;
  • шишип, өң кубарат;
  • мурун канайт;
  • көп уктоо же уйкусуздук болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9549