Марс Жусупбеков Бишкектеги СИЗОдон 200 миң сом чыгарган. Андан кийин кызматынан бошотулду
RU

Марс Жусупбеков Бишкектеги СИЗОдон 200 миң сом чыгарган. Андан кийин кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Марс Жусупбеков соттун чечими менен Бишкектин СИЗО-1дин жетекчи кызматына кайра дайындалды. Соттук териштирүүлөр бир нече жылга созулган.

Бирок ал кызматына кайтып келээри менен ЖАМКнын жетекчилиги ротация өткөрүп, жыйынтыгында Жусупбековду борбордук СИЗОнун кызматынан алып салышты. Аны өмүр бою эркинен ажыратылгандардын колониясына жетекчи кылып жөнөтүшкөн. Кызматынан бошотулганга чейин ал "общактан" 209 миң сом чыгарып, бардыгын мамлекеттин кирешесине өткөргөн. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери маалымдашты.

"Бишкек сотунун чечими менен Марс Жусупбеков СИЗО-1дин жетекчиси катары болуп кайра дайындалгандан кийин "общак" менен күрөшүп баштап, бир жуманын ичинде 209 миң сом чыгарды. Акчаны СИЗОнун контролеру аркылуу чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Бул фактыга акты жазылды", - деп булактар айтып беришти.

Алар Кыргызстандын жогорку органдарын Бишкектеги СИЗО-1дин кызматкерлери арасында анонимдүү сурамжылоо жүргүзүүнү сунушташты. Маалымат булактын айтымында, текшерүү ЖАМК жетекчисинин ишиндеги мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоого жардам берет. Маселен, "блатной камералар" жабылбайт, "положенецтер" саат 14:00дон 17:30га чейин СИЗОнун ичинен эркин басып жүрө беришет.

Андан тышкары, Жусупбеков өзүнүн кызматкерлерине 1- жана 2- посттордун ортосундагы "кабураларды" ширетип жаап салууну буюрган. Бирок, камакта отургандар Жусупбеков кызматынан алынгандан кийин аны бузуп, кайра ачып алышкан.

Маалымат үчүн

Кабура - бул камеранын дубалдарындагы тешиктер, аны камакта отургандар жасашат. Ал аркылуу камактагылар бири-бири менен сүйлөшүп турушат. Дубалда тешик жасоо көп убакытты жана эмгекти талап кылган процесс.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/954