Блогер Айпери Чотонованын атасы, профессор Мамашарип Чотонов дүйнө салды
RU

Блогер Айпери Чотонованын атасы, профессор Мамашарип Чотонов дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Айпери Чотонованын атасы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов дүйнө салды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, Мамашарип Чотонов кечээ, 8-декабрда оорудан улам кайтыш болду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 9-декабрда саат 12:00дө болот.

  • Мамашарип Чотонов 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында төрөлгөн.
  • 2014-жылдан тарта өкмөттүн буйругуна ылайык, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан.
  • Экономика илимдеринин доктору, профессор болгон.

Kaktus.kg редакциясы Мамашарип Чотоновдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9551