Бишкектеги №4 мектептен жардыруучу зат табылган жок
RU

Бишкектеги №4 мектептен жардыруучу зат табылган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №4 мектепке жардыруучу зат коюлган деген билдирүүдөн кийин имарат курчоого алынып, ичиндегилер эвакуацияланды. Мааламытты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 9-декабрда белгисиз адамдар мектеп директорунун электрондук почтасына кат жиберген. Анда имаратка бомба коюлганы айтылган. Билим берүү мекемесинин жетекчиси милицияга кабар берип, имарат курчоого алынды.

Мектеп окуучулары, кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылып, УКМКнын кызматкерлери жардыруучу затты издөө иштерин жүргүзүштү.

Кийинчерээк Бишкек шаардык мэриясы текшерүү аяктаганын, эч кандай жардыруучу зат табылбаганын кабарлашты. Окуу процесси кайра улантылып баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9552